Лавров: Россия менен Кытайдын өнөктөштүгү укуктун сакталышын камсыздайт

Лавров кытайлык кесиптеши менен бир айда үчүнчү ирет жолугушуп жатканын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Москва менен Пекиндин стратегиялык өнөктөштүгү эл аралык мамилелердеги укуктун сакталышын камсыздаган түркүктөрдүн бири. Бул тууралуу жума күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кытай ТИМ жетекчиси Ван И менен министрлердин АСЕАН иш-чарасынын алкагында жолукканда билдирди.

"Биздин стартегиялык өнөктөштүк эл аралык мамилелердеги укуктун сакталышын камсыздаган түркүктөрдүн бири экенине ишенем... Биринчи кезекте мамлекеттердин суверендүү теңдик принциптерин камтыган БУУнун уставын айтсак болот. АКШ бул принциптерди улам бузуп жатат. Бул, албетте, көңүл бурууну талап кылат. Биз Кытай менен БУУнун уставын коргоого бел байлаган достордун тобуна киребиз. Менимче, бул перспективдүү идея. Ал кеңейүүгө татыктуу жана анын ишине жаңы мүчөлөр кошуларына ишенебиз", деди ал.

Лавров кытайлык кесиптеши менен бир айда үчүнчү ирет жолугушуп жатканын эскертти.
"Биз тез-тез жолугуп туруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатабыз. Бир айга жетпеген убакытта эле үчүнчү ирет көрүшүп отурабыз. 7-июлда Балиден, 28-июлда Ташкенттен, 5-августта бул жерден жолуктук. Чынында ар бир көрүшкөн сайын биз такай көңүл бурушубуз керек болгон нерселерди байкап жатабыз", деди россиялык дипломат.
Ал ошондой эле Ван И менен эки тараптуу мамилелердин азыркы абалын жана эки өлкө лидерлери макулдашкан келишимдерди ишке ашырууну талкуулай турганын кошумчалады.
Лавров менен Блинкен телефондон сүйлөштү. Козголгон маселелер