Кытай АКШны багытын өзгөртүп башкаларды дагы урматтоого чакырууда

АКШ Конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Тайванга барып кеткенден кийин Кытай менен Американын ортосунда ачык пикир келишпестик күч алды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. АКШ курал-жаракты көзөмөлдөө кризисин башкаруу системасын түзүү жөнүндө сүйлөшүүдөн мурун багытын өзгөртүп, Кытай менен сый-урматтын негизинде сүйлөшүшү керек. Бул тууралуу "Өзөктүк куралды таркатпоо жөнүндө" келишимин талкуулоо иш-чарасында кытай дипломаты Дин Тунбин айтканын РИА Новости жазды.
"АКШ Кытай менен курал-жаракты көзөмөлдөө механизмдеринин контекстинде диалог аркылуу кризисти көзөмөлдөө деп аталган системаны түзүүгө умтулууда. Мындай практика арабаны аттын алдына койгонго тете. Бул логикалык жактан түшүнүксүз", — деди дипломат.
Тунбиндин айтымында, курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча диалог бир эле тараптын каалоосу менен ишке ашпайт. Ал үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер эске алынышы керек.
"Кошмо Штаттар өз багытын өзгөртүп, башкаларды дагы урматтоо саясатын жүргүзүшү зарыл", — деди адис.
Ошондой эле ал Кытай менен жемиштүү диалогду өнүктүрүү үчүн жагымдуу атмосфера керектигин кошумчалады.
Пелосинин Тайванга сапары. Кылдын учунан кайттык...