Статком: биринчи жарым жылдыкта өлкө боюнча жол кырсыктары азайган

Жол-транспорт кырсыктарынан 4 629 адам жабыр тартты, бул 2021-жылдын алты айына салыштырмалуу 8,7 пайызга аз.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Жылдын биринчи жарымында өлкөдө жол кырсыктары 11 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына шилтеме берип Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматка караганда, январь-июнь айларында республиканын аймагында 3 миң жол-транспорт кырсыгы катталган. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (44 пайыз), Чүй (20 пайызы) жана Ош (9 пайызы) облустарына туура келди.
Жол-транспорт кырсыктарынан 4 629 адам жабыр тартты, бул 2021-жылдын алты айына салыштырмалуу 8,7 пайызга аз. Ал эми каза болгондордун саны — 248 (24,6 пайызга аз).
Анткен менен балдар аралашкан жол кырсыктары өткөн жылдын деңгээлинде кармалып турат. Тагыраагы, 800дөн ашык жол кырсыгында 37 бала каза болуп, 929у жаракат алган.
Кыргызстанда оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны кыскарды