БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев жана анын жакындары "Казакстан халкына" ("Казакстан элине") социалдык фондуна кеминде 17 миллиард 850 миллион теңге которду.
Фонд жөнүндө
11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык колдоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн фонд түзүүнү тапшырган. Фонд конкреттүү адамдарга да, Казакстандын калкынын кайсы бир топторуна да жардам көрсөтөт.
"Казакстан халкына" фондуна каражаттар жеке тараптардан жана ишканалардан ыктыярдуу кайрымдуулук катары алынат. Фонд донордук каражаттардын булагын текшербейт, алардын иш-аракеттерине баа бербейт.
Ушул тапта донорлордун саны 78 миңден ашып, 130,3 миллиард теңгеден ашык акча которулду (болжол менен 23,7 миллиард сом).
Назарбаевге жана анын жакындарына тиешелүү донорлор:
Нурсултан Назарбаев атындагы фонд — 500 миллион теңге;
"Халық" фонду (бул Тимур менен Динара Кулибаевдердин фонду. Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызынын үй-бүлөсү) — 15 миллиард теңге;
Кайрат Боранбаев (Нурсултан Назарбаевдин каза болгон небереси Айсултандын кайнатасы болгон. Азыр Боранбаев камакта) – 350 миллион теңге;
Болат Назарбаев (Нурсултан Назарбаевдин иниси) — 1 миллиард теңге;
Кайрат Сатыбалды (Нурсултан Назарбаевдин эрте каза болгон бир тууганынын уулу, азыр камакта) – 1 миллиард теңге.
Белгилей кетсек, Кайрат Сатыбалды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Казактелеком" ААКнын өзгөчө ири өлчөмдөгү каражатын уурдоого катыштыгы бар деп шектелүүдө. Апрель айында анын көзөмөлүндөгү эки компания "Казактелекомдун" 28 пайыздан ашуун акциясын мамлекеттин менчигине кайтарып берген. Анын мурдагы жубайы Гүлмира да кармалган, ал рейдерлик жол менен бизнести басып алуу жана бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча шектелүүдө.