Жеңүүчү 120 миң доллар алды. HIPA сынагындагы көз жоосун алган сүрөттөр

Абройлуу фотосынактын калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктады. Дүйнө жүзүндөгү эң мыкты делген эмгектерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
Sputnik
HIPA эл аралык сүрөт сынагына ышкыбоздор да, профессионалдар да катышат. Быйыл он биринчи жылы өткөрүлүп жаткан сынак жаратылыш темасына арналды. Жеңүүчүлөргө 5 миң доллардан 120 миң долларга чейинки сыйлыктар тапшырылды.
1 / 15

Сынактын баш байгесин Улуу Британиядан келген Хенли Спайрс "Кара каздын бороону" деп атаган сүрөтү үчүн алды

2 / 15

Black&White категориясында биринчи орунга индонезиялык фотограф Мухаммад Аламсях Рауф ээ болду. Ал чыгармасын "Ун согушу" деп атаган.

3 / 15

Вьетнамдык фотограф Нгуен Ву Цаонун "Кайыктардын матрицасы" эмгеги "Түс" категориясында биринчи орунга татыды

4 / 15

Гватемалалык фотограф Мохаммад Ради Абдель Ганинин "Лейла" сүрөтү "Портрет" категориясында 2-орунду алды

5 / 15

Кытайлык фотограф Шу Чуан Лю тарткан "Фудзи тоосу жана Гейт көпүрөсү" сүрөтү "Ак-кара" категориясында 2-орунга жетти

6 / 15

"Жалпы түс" категориясында 2-орун Мьянмадан келген фотограф Неу Соэмое тарткан "Түстүү жашоо образы" сүрөтүнө буюрду

7 / 15

"Портфолио" номинациясында россиялык фотограф Юрий Притисктин "Морзе коду" 2-орунга ээ болду

8 / 15

Канадалык фотограф Пол Никлендин "Артынан түшүү" эмгеги "Портфолио" категориясында 1-орунду камсыздады

9 / 15

Япон фотосүрөтчүсү Ро Минемезу тарткан "Жумейра" сүрөтү "Табият" категориясында 1-орунду жеңип алды

10 / 15

Катарлык фотограф Али Сайфалдиндин "Жамгырда эс алуу" тасмасы "Портрет" категориясында 1-орунга татыды

11 / 15

Америкалык фотограф Кристин Райттын "От лентасы" "Жаратылыш" категориясында 5-орунга ээ болду

12 / 15

Россиялык фотограф Алексей Цилердин "Балет. Көшөгө артында" сүрөтү "Портфолио" категориясында 5-орунга илинди

13 / 15

Бразилиялык фотограф Марсио Кабралдын сүрөтү "Жаратылыш" категориясында 2-орунга ээ болду

14 / 15

Кытайлык фотограф Лигуо Чендин "Асмандан көрүнүш" эмгеги "Портфолио" категориясында 3-орунду ээледи

15 / 15

Италиялык фотограф Антонела Кунсолонун "Бианка" деп аталган сүрөтү "Портрет" категориясында 5-орунду алды

Тема боюнча:
Кыргыздардын жашоосун тааныштырган "Оймо". Фестивалдан 12 сүрөт