Педиатр: COVID-19га кабылган балдардын когнитивдүү функциялары начарлоодо

Коронавирустун кесепетинен балдардын бир нерсеге кунт коюу мүмкүнчүлүгү төмөндөп, эс тутуму начарлап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Коронавирустук инфекцияга чалдыккан балдардын когнитивдүү функциялары начарлайт. Аларда постковиддик синдромдун кеңири таралган белгилери көп кезигип жатканын Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы педиатры Татьяна Батышева РИА Новости агенттигине билдирди.
"Бул маалыматтарды россиялык гана эмес, чет элдик окумуштуулар да тастыкташты. Ооруп сакайган соң бөбөктөрдө тез чарчоо, алсыздык, баш оору, уйкунун бузулушу, ойдун чар-жайыт болушу сыяктуу белгилер кезигүүдө", — деди адис.
Анын айтымында, когнитивдүү функциялардын бузулушу балдардын кунт коюу жөндөмүн төмөндөтүп, эс тутумун начарлатат.
Мындай кесепеттерди алдын алуу үчүн адис 12 жаштан өткөн балдарды коронавируска каршы эмдетүү керектигин эскертет.
Күнүнө 4 миң киши жугузушу мүмкүн. Казакстандагы коронавирус боюнча абал