Боомдо сел ташкыны тазаланып, жол эки тараптуу ачылды

Бүгүн түштөн кийин жааган жамгырдан улам сел каптап жол жабылып калган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Боом капчыгайындагы унаа жолунун эки тарабы тең ачылды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин атайын техникасы тартылып, сел жүргөн тилке тазаланып бүткөн.
Буга чейин капчыгайда нөшөрлөп жааган жаандан улам кайрадан сел жүрүп, трасса жабылганы айтылган.
Көчөлөрдү каптаган ылай суу. Жети-Өгүздө жүргөн селдин видеосу