Боомдо кайрадан сел жүрүп, жол жабылды. Видео

Боом аркылуу өткөн бардык транспорт каражаттарынын кыймылына эки тараптан тең чектөө киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 134 жана 135-чакырымындагы Боом капчыгайында нөшөрлөп жааган жаандан улам кайрадан сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Маалыматта азыркы учурда аймакка керектүү техниканын баары тартылганы, жолду тазалоо иштери жүрүп жатканы айтылат.
"Боом аркылуу өткөн бардык транспорт каражаттарынын кыймылына эки тараптан тең чектөө киргизилди, ЖКККББ кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Жол-эксплуатациялык ишкананын адистери аймак жакын арада тазаланарын айтышууда. Жол да баары тазаланган соң ачылат", — дешти ЖКККББдан.
Мындан улам ведомство айдоочуларды кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, чектөө мөөнөттөрүн билип, сапарды алдын ала пландоого чакырды.
Көчөлөрдү каптаган ылай суу. Жети-Өгүздө жүргөн селдин видеосу