Боомдо жол бир тараптуу ачылганы айтылды

Автоунаалар эки тарапка кезек менен өткөрүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 134-135-чакырымындагы Боом капчыгайында жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин капчыгайда нөшөрлөп жааган жаандан улам кайрадан сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылганы айтылган.
"Саат 17:10до облустарды бириктирген жол бир тараптуу ачылды. Ал жак менен автоунаалар эки тарапка кезек менен өтүп жатат. Жерине ӨКМдин нөөмөттө турган төрт куткаруучусу жана №32 бир жүктөгүч тартылган", — деп жазылат билдирмеде.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Көчөлөрдү каптаган ылай суу. Жети-Өгүздө жүргөн селдин видеосу