Бишкекке 120 электробус сатып алуу боюнча долбоор кайсы стадияда турат?

Долбоор абанын сапатын жакшыртууга, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана жол тыгын маселесин чечүүгө багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 120 электробус сатып алуу үчүн жарыяланган тендерге түшкөн арыздарды алдын ала ачып көрүү пландалууда.
Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу жана электробустарды сатып алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 50,65 миллион долларлык каржылоону бекиткен. Бул сумманын 25,65 миллион доллары грант, 25 миллиону жеңилдетилген кредит болуп саналат.
Долбоор абанын сапатын жакшыртууга, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана жол тыгын маселесин чечүүгө багытталган.
Муниципалитеттен белгилешкендей, эл аралык эксперттер жүргүзгөн анализге караганда, электробустар аз чыгымдуу жана экологиялык транспорт болуп саналат.
Нарын шаарына каттай турган беш электробус алынат