Италиялык тиктокер бул чыгармага бийлеп, видеосун жарыялагандан кийин Бактияр Токторовду плагиаттыкка да айыптагандар болду. Буга ал башка музыкаларды угуп таасирлениши мүмкүндүгүн, бирок көчүрүп албаганын айтып жооп берди.
"Буй-буй" элге маанай тартуулап бийлеткени менен жаралуу тарыхы кайгылуу. Ырчы 2007-жылы кытайлык кыргыздарга концерт койгону барып, "Кызыл-Суустан" деп ырдай коюп аз жерден камалып кете жаздаганын айтты. Ошентип келишимдеги гонорарынын бир тыйынын албай кайткан. Келсе эгиз кыздары өлүү төрөлүп, жубайы көзү көрбөй 13 күн реанимацияда жатып калган болот. Ырдагы "Түн караңгы, күн да караңгы, биз ээрчиген ай да караңгы" деген саптар ошол учурду сүрөттөйт.
Бактияр Токторов, мындан сырткары, эски сүйүүсү, үй-бүлөсү тууралуу да айтып берди. Ал эми тойдогу гонорары 1000 долларга жеткен учурлар дагы болот экен. Мурда мынча сумманы алуудан уялса, азыр тартынбай калыптыр. Анын да себебин түшүндүрдү.
Тема боюнча: