Мектеп, бала бакча курууга араб өлкөлөрү Кыргызстанга 100 млн. доллар берет

Каражаттын 85 миң доллары кредит, калган 15 миңи грант.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги араб өлкөлөрүнөн 100 миллион доллар каржылык колдоо алууну макулдашты. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Аталган макулдашууга Чолпон-Атада өткөн Араб координациялык тобунун кеңешмесинде жетишилген.
Министр Алмазбек Бейшеналиев келишимге ылайык, 15 миллион доллар өлчөмүндө грант жана 85 миллион долларын насыя катары аларын белгиледи.
“Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталары пландалууда. Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана Араб координациялык тобунун башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды, калганы мектептерди курууга жумшалат”, — деп айтылат маалыматта.
Долбоордун натыйжасында 45 миң окуучу жаңы мектеп, 45 миң жеткинчек бала бакча менен камсыздалары айтылды. 300 тарбиячы жана мугалим үчүн жумуш орундары түзүлөт.
Финансы министри Россиядан 500 млн. доллар кредит алууну сүйлөшүп жатканын айтты