Ак үй Кытай элчисин чакыртып, Тайвань жээгиндеги машыгууга каршылык билдирди

Кытай армиясынын ири аскердик окуулары расмий түрдө бейшемби күнү башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ак үй Кытайдын элчисин чакыртып, Пекиндин Тайванга жакын жерде машыгуу өткөргөн "чагымчыл аракетине" каршылыгын билдирди. Бул тууралуу Америка администрациясынын өкүлү Жон Кирбинин сөзүнө таянуу менен Washington Post жазды.
"Кытайдын түн ичиндеги аракетинен кийин биз элчи Цинь Ганды чакыртып, КЭРдин чагымчыл аракетине каршылыгыбызды билдирдик", — деген Кирби.
Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы уюштурган иш-чаранын брифингинде Кытай Куралдуу күчтөрүнүн Тайвандын айланасындагы аскердик окуулары абалды чыңалта турганын билдирди.
Кытай армиясынын ири аскердик окуулары расмий түрдө бейшемби күнү башталган. АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пэлосинин Тайбэйге болгон сапарына жооп иретинде жасалган маневрлар акваториясынын алты районунда өтүп, жекшембиге чейин созулары айтылган.
Кытай АКШны багытын өзгөртүп башкаларды дагы урматтоого чакырууда