6-августка карата аба ырайы

6-августта түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ишембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Таласта +28…+33, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +32…+37 градуска жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +35…+37, ал эми Чолпон-Атада +24…+26 градус болот.
Нарындан чыккан 10 азыкка бренд ыйгарылды, эми дүкөндөрдө сатыла баштайт