Медведев: ЖККУ, ЕАЭБ жана ШКУ өлкөлөрүн кагыштыруу аракети күч болууда

Медведевдин социалдык тармактагы баракчасында геосаяст жана СССРге багытталган билдирүү пайда болуп, кийин өчүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. ЖККУ, ЕАЭБ жана ШКУ уюмдарына мүчө-мамлекеттердин ортосуна жик салууга кызыкдар тараптар жетиштүү, бирок мындайга жол берилбейт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине РФ Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев билдирди.
Эскерте кетсек, Медведевдин социалдык тармактагы баракчасында геосаясат жана СССРге багытталган билдирүү пайда болуп, кийин өчүрүлгөн. Медведев бул маалымат согушунун бир белгиси экенин белгилеп, күнөөлүүлөр жазасыз калбай турганын эскертти.
"ЖККУ, ЕАЭБ же ШКУ боюнча союздаштарды кагыштырууга кызыкдар кастарын тиккен мамлекет менен саясатчы сөрөйлөр жетиштүү. Бирок биз буга жол бербейбиз. Өнөктөш мамлекеттердин бардык бийлик бутактарынын иши ушуга багытталган", — деди Медведев.
Россия ШКУ мамлекеттерине өзүнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт