Ысык-Көлдө өспүрүм балдар эс алуучуларды оюнчук тапанча менен коркутуп тоногон

Милциянын маалыматына караганда, шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө төрт өспүрүм эс алуучуларды оюнчук тапанча менен коркутуп тоноп кетишти. Бул тууралуу аймактык ИИБ билдирди.
30-июль күнү Бишкек шаарынын 20 жаштагы жашоочусу кайрылган. Ал 20-июлда саат 23:00дө Бостери айылындагы "Университет" пансионатындагы көл жээгинен тоноп кетишкенин билдирген.
Анын айтымында, инисинин жанына төрт бала келип, курал такап коркутуу менен телефонун, күмүш шакектерин жана акчасын алып кетишкен. Материалдык чыгым 43,2 миң сомго бааланды.
Шектүү катары төрт өспүрүм кармалды. Алар: Жалал-Абад облусунун 17 жаштагы М.О. жана Д.Т., Чүй облусунун Н.И. жана Нарын облусунун 16 жаштагы Т.Б. аттуу жашоочулары.
Милиция алар күнөөсүн мойнуна алганын билдирди. Колго түшкөндөрдүн биринин жанынан оюнчук тапанча табылган.
Соттун чечими менен төртөө тең бир айга камакка алынды.
Баңгизат менен кармалган аскер. УКМК жарыялаган видео