Ширин Алайчиева эл аралык Miss Supranational сынагына катышты. Сүрөт

Иш-чарада ал кыргыздын улуттук кийимин кийип бийлеп, өнөрүн көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Ширин Алайчиева Польшада өткөн Miss Supranational 2022 эл аралык сулуулар сынагына катышты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген.
1 / 2

Кыргызстандык Ширин Алайчиева Польшада өткөн Miss Supranational 2022 эл аралык сулуулар сынагына катышты

2 / 2

Алайчиеванын айтымында, сынак 16-июлда өтүп, анда Түштүк Африка Республикасынын сулуусу Лалела Мсване жеңген.

Алайчиеванын айтымында, сынак 16-июлда өтүп, анда Түштүк Африка Республикасынын сулуусу Лалела Мсване жеңген. 18 жаштагы кыргызстандык кыз сынактагы алдыңкы 30 сулуунун катарына илине алган эмес.
Иш-чарада ал кыргыздын улуттук кийимин кийип бийлеп, өнөрүн көрсөткөн.
Алайчиева эл аралык сынакка Miss Supranational Kyrgyzstan сынагын жеңгенден кийин жолдомо алган. Буга чейин ал Кыргызстан жана анын кооз жерлери тууралуу ролик тарткан.
"Москва сулуусу" таажысы үчүн ат салышкан ажарлуу айымдардын 15 сүрөтү