Урушпайбыз! Медведев "ВКонтакте" баракчасындагы пост тууралуу айтып берди

1-августта Медведевдин баракчасында геосаясий маанидеги пост пайда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев РИА Новостиге берген маегинде "Вконтакте" социалдык тармагындагы баракчасына жасалган хакердик чабуул тууралуу айтып берди.
Эске салсак, 1-августта Медведевдин баракчасында геосаясий маанидеги пост пайда болгон.
Ал бул маалыматтык согуштун көрүнүшү экенин, ЖККУ, ЕАЭБ жана ШКУ боюнча өнөктөштөрдүн кагылышына кызыкдар болгон душмандар тарабынан жасалганын билдирди.
"Мындай хакерлик чабуул биринчи жолу болуп жаткан жок. Премьер-министр болуп турганда да ушундай чабуулдар менен күрөшүүгө туура келген. Бул — маалыматтык согуштун бир түрү. Социалдык тармактын администрациясы жана компетенттүү кызматтар текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Кылмышкерлер жазасыз калбайт", — деди Медведев.
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Россияны КМШдагы өнөктөштөр менен урушпасын, алар менен ар дайым түз мамиледе болорун белгиледи.
"Белгилүү адамдын атынан кошуналарга карата одоно же өтө кылдат нерселерди жазуу — душмандын иши. Алар өзүнүн алдына агрессивдүү пландарды коюшкан. Биз эч качан антип иштебейбиз. Бул биздин эреже эмес, моралдык принциптерибизге да туура келбейт", — деди ал.
Сөзүнүн соңунда ал дал ушундай аракеттер келечекте дагы болушу мүмкүн экенин коушмчалады.
ШКУ: Батыш Россия менен Кытайга каршы гибриддик согуш баштады