БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Араб координациялык тобунан (AКТ) 25 миллион доллар сурап жатат.
Каражат Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын жаңы имаратын куруу үчүн керек экенин саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. Кечээ Чолпон-Атада АКГ жана министрлер кабинетинин жыйыны болуп өткөн.
"20 миллиону имараттын курулушуна, калган беш миллиону эмерек жана жабдууга жумшалат. Бул долбоор ишке ашса 2026-жылга чейин оорукана борбордо пландалган жана шашылыш операциялардын 70 пайызын жасай алат", — деди Касымбеков.
Шаардык оорукананын имараты өткөн кылымдын 30-жылдарында курулган. 2018-жылдан тарта жаңы имарат куруу пландалууда. Бирок ошондон бери инвестор табыла элек.
Аталган топ Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду, Кувейттин Экономикалык өнүктүрүү фонду жана Абу-Даби өнүктүрүү фонду сыяктуу институттарды бириктирет.