Элчилик: Подмосквьеде чыккан ири өрттөн кыргызстандыктар жабыркаган жок

Тилсиз жоонун кесепетинен бир киши көз жумуп, 13 адам жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Москва облусуна караштуу Истринский районундагы Ozon (интернет-дүкөн) компаниясынын кампасынан чыккан ири өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.
"Москва облусу боюнча ыкчам штабдын маалыматы боюнча, 20 миң чарчы метр аянтты ээлеген өрт өчүрүлүп, миңден ашык адам эвакуацияланды. Ошол эле учурда Кыргызстандын жарандарынын ичинен жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ, 3-августта, Ozon (интернет-дүкөн) компаниясынын кампасынан чыккан ири өрттөн бир киши көз жумуп, 13 адам жабыркады. Ыкчам кызматтардын маалыматына караганда, атайын өрт коюу жана электр жабдыктарынын иштен чыгышы боюнча эки версия каралып жатат. Өрт таңга жуук өчүрүлгөн. Жалын 55 миң чарчы метрди жалмап кеткен.
Подмосковьедеги Ozon компаниясынын кампасынан ири өрт чыкты. Видео