БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын алты айында контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонгон компаниялардын соодадан түшкөн каражаты 698 миллиард сомду түздү. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түшкөн каражаттын суммасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 351,8 миллиард сомго көбөйгөн. 2022-жылдын январына чейин өлкөдө 20 миң субъект ККМ менен иштөөгө өтсө, бүгүнкү күндө колдонгондордун саны 52 миңден ашты.
"ККМ-онлайнды киргизүү Салык кызматынын маалымат базасына келип түшкөн акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтар ишкерлердин ишин, анын ичинде экономикалык ишмердүүлүгүн көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн талдоого мүмкүндүк берүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 10-майдан тартып "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы өтүп жатат. Анын негизги милдети — товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда кыргызстандыктарды кассалык чек талап кылууга кызыктыруу болуп саналат. Бүгүнкү күндө лотереяга 95 миңден ашуун жаран катышууда, "Салык чек" тиркемеси аркылуу алар 6,1 миллиард сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерлешти.
"Салык чектин" алгачкы туру 1-июлда уюштурулуп, эки автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, Ысык-Көлгө эс алууга беш жолдомо жана 25 ар кандай тиричилик техникасы ойнотулду. Жеңүүчүлөр атайын компьютердик программа менен капыстан тандап алуу генератору (рандом системасы) аркылуу аныкталды. Экинчи туру 1-октябрда өтөт, анда да ушундай байгелер коюлган.