Түркияда өтчү Ислам тилектештиги оюндарына Кыргызстандан 113 спортчу барат

Оюндарга 54 өлкөдөн болжол менен 3 500 спортчу катышары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Түркиянын Конья шаарында өтө турган V Ислам тилектештиги оюндарына Кыргызстан спорттун 16 түрүнөн катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган эл аралык турнир 9-19-август күндөрү өтөт. Ага Кыргызстан курама командасынын алдыңкы спортчулары бармакчы.
Өлкө намысын коргой турган спортчулардын саны:
грек-рим күрөшүнөн — 10;
эркин күрөштөн — 10;
кыз-келиндер күрөшүнөн — 5;
жеңил атлетика — 9;
сууда сүзүү — 7;
баскетбол — 8;
фехтование — 5;
дзюдо — 12;
оор атлетика — 4;
каратэ-до — 9;
жаа атуу спорту — 5;
таэквондо WTF — 4;
көркөм гимнастика — 9;
кикбоксинг — 5;
салттуу жаа атуу спорту — 7;
стол тенниси — 3.
Спортчулар менен машыктыруучуларды кошкондо делегациянын курамында 142 адам болот.
Ислам тилектештиги оюндары 2005-жылы негизделип, ар төрт жыл сайын өтүп келет. Быйыл 54 өлкөдөн болжол менен 3 500 спортчу катышары күтүлүүдө.
Ош Кайгуул милициясынын кызматкери Түркияда кикбокс боюнча алтын кур утту