Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясына документ кабыл алуу башталды

Жылдык стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша 50 миң долларга чейин болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу бүгүн, 4-августта, башталды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ага ылайык, дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинен билимин жогорулаткысы келген талапкерлер конкурска катышуу үчүн документтерди 3-сентябрга чейин бериши шарт. Арыз онлайн жана кагаз түрүндө кабыл алынат. Тапшыруу жол-жобосу тууралуу толук маалымат министрликтин сайтында жазылган.
Дүйнөнүн алдыңкы 100 мыкты университетинин тизмеси да көрсөтүлгөн.
Жылдык стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш.
Чет жакта окууга шарты жок жаштарды колдойт. "Эл үмүтү" программасы тууралуу маек