Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Күндүн табы кээ бир жерлерде 35 градуска жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет апта аягындагы эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Дем алыш күндөрү өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүшү ыктымал, бирок жалпысынан күн ачык болот.

Чүй, Талас облустары

6-7-августта Чүй менен Таластын тоолуу аймактарында күндүз жамгыр себелеши мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Таласта 29...31, Чүйдө 30...35 градус ысышы ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы 34...39 градуска чейин жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын жана Ысык-Көл облустарында 6-августта күндүз тоолуу жерлерде өткүн өтүшү ыктымал. Түнкүсүн жана 7-августта жамгыр жаабайт. Абанын температурасы Нарында 26...31, Ысык-Көлдө 25...30 градус ысышы күтүлүүдө.
Жаанчыл болобу? Алдыдагы аптага карата аба ырайы