5-августка карата аба ырайы

Жума күнү республиканын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан жаабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Жума күнү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +27…+32, Ысык-Көл өрөөнүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Нарын чөлкөмүндө +23…+28 градус жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +35…+37, ал эми Чолпон-Атада +24…+26 градус болот.
ӨКМ: бүгүн Кыргызстандын аймактарында сел жүрөт