БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда сел жүрдү.
Бул ирет топурак аралашкан суу Жети-Өгүздүн Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак айылдарынын көчөлөрүн каптаган. Видеодон көрүнүп тургандай, жолдон жөө басмак тургай автоунаа менен жүрүүгө мүмкүн эмес.
ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, 3-август саат 08:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн суу Кичи-Жаргылчак айылынын ичиндеги жолдорду каптап, сел жүргөн. Аны тазалоого Жаргылчак айыл өкмөтүнөн атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат. Жол ачык.
Буга чейин ушундай эле жаратылыш кырсыгы 30-июлда жана 1-августта Боом капчыгайында катталган.