Көлдө бус менен жеңил унаа кагышып, эки адам каза таап, 23 киши жабыркады. Видео

Окуя бүгүн саат 7:40тар чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 24-чакырымында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө дагы бир жол кырсыгы катталып, эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя бүгүн саат 7:40 чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 24-чакырымында (Кызыл-Өрүк айылы) болгон. Анда Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.
"Кырсыктан эки адам каза болуп, 23 киши жабыркады. Жаракат алган үч адам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Көз жумгандардын сөөгүн ӨКМдин куткаруучулары ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.
Көлдөгү кырсыктаган автоунаанын айдоочусу да эсине келбей көз жумду