Бишкекте УКМКнын жаңы имараты ишке берилди. Сүрөт

Ачылыш аземине мамлекет башчы катышып, сөз сүйлөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы имараты курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышканын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы имараты курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди

2 / 4

Анын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышканын маалымат кызматы кабарлады

3 / 4

Мамлекет башчы өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн УКМКнын материалдык-техникалык базасын чыӊдоого, чекисттерге керектүү шарттарды түзүүгө, маянаны жогорулатууга жана турак жай менен камсыз кылууга зарыл болгон бардык иш-аракеттер аткарылып жатканын белгилеген

4 / 4

Ошондой эле ал Сирия, Афганистан жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын активдешүүсүнө токтолду.

Мамлекет башчы өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн УКМКнын материалдык-техникалык базасын чыӊдоого, чекисттерге керектүү шарттарды түзүүгө, маянаны жогорулатууга жана турак жай менен камсыз кылууга зарыл болгон бардык иш-аракеттер аткарылып жатканын белгилеген.
Ошондой эле ал Сирия, Афганистан жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын активдешүүсүнө токтолду. Алардын жашыруун топторунун Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагында тамыр жайышы, идеологиялык саясатынын күч алышы атайын кызматтардан, укук коргоо жана күч органдарынан сактыкты, ар кандай кырдаалдарга даяр болуп кынтыктсыз иш жүргүзүүнү талап кыларын айткан.
Мамлекет башчысы андан ары улуттук коопсуздук органынын имаратын, жаңы иш кабинеттерин көрүп чыкты.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин академиясы курула баштады. Сүрөт