"Түндүк электрдин" кызматкери сууга аккан өспүрүмдү куткарып калды. Видео

Окуя 25-июль күнү саат 18:00дөр чамасында Жайыл районунун Сосновка айылында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасынын кызматкери Аскар Туленов каналдагы сууга агып бараткан өспүрүмдү куткарып калганын ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя 25-июль күнү саат 18:00дөр чамасында Жайыл районунун Сосновка айылында болгон.
"Аскар Туленов жумуштан кийин достору менен каналдын жанында жүрүп, баланын сууга агып баратканын көрүп калган. Суунун катуу агымына карабай ал каналга түшүп, өспүрүмдү алып чыккан", — деп айтылат маалыматта.
21 жаштагы Аскар Туленов эки жылдан бери Жайыл РЭТинде электр куроочу болуп иштейт. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери. Атасы Кара-Балта шаарындагы бассейнде сууда сүзүү боюнча машыктыруучу экени айтылды.
Бишкекте патрулдук милиция поезд жолго уктап калган кишини ажалдан алып калды