Кызматташтык бекемдейт. Жапаров араб мамлекеттеринин өкүлү менен сүйлөштү

Мамлекет башчы КР менен уюмдун ортосунда кабыл алынган меморандум тыгыз кызматташууга негиз болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафты кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафтын өлкөгө биринчи сапары Кыргызстан менен Араб булуңундагы мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин ортосундагы байланышка жакшы негиз түзөрүнө чоң түрткү болот деп ишенерин билдирди.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафты кабыл алды

2 / 2

Жапаров Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафтын өлкөгө биринчи сапары Кыргызстан менен Араб булуңундагы мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин ортосундагы байланышка жакшы негиз түзөрүнө чоң түрткү болот деп ишенерин билдирди

Президент Жапаров Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Араб булуңундагы мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлушу менен куттуктап, келишим эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий маселелер боюнча кызматташууну жемиштүү талкуулоого бекем негиз болоруна ишенерин белгиледи.
Ал эми Наиф Фалах Мубарак аль-Хажраф иш сапарынын максаты — Борбор Азия өлкөлөрү менен Араб булуңундагы мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин ортосундагы байланышты тереңдетүү экенин айтты.
Жапаров адам өмүрүн алган суу ташкынга байланыштуу Пакистан президентине көңүл айтты