Москва облусуна караштуу Истринский районунда жайгашкан Ozon (интернет-дүкөн) компаниясынын кампасынан ири өрт чыкты. Күбөлөр аймакты каптаган кара түтүндү видеого тартып жарыялашканын РИА Новости жазды.
Кадрдан көрүнүп тургандай, өрт автоунаа трассасына жакын жерден чыккан. Абага коюу кара түтүн көтөрүлүп жатат.
Бөлүштүрүү борборунун аянты 20 миң чарчы метрди түзөт. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр менен Тез жардам кызматы иштеп жатат.