Ненси Пелоси Тайвандан учуп кетти

Ал аралга 2-август күнү кечинде Азия өлкөлөрүнө болгон сапарынын алкагында келген эле.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапары аяктап, учагы абага көтөрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
"Бул — АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин аралга 1997-жылдан берки биринчи сапары. Аны Тайванда администрация жетекчиси Цай Инвэнь кабыл алды. АКШ өкүлүнүн бул сапары Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы ачык чыр-чатакты шарттады", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен. Ал тургай ал учуп келе жаткан учакты Кытай истрибителдери тосуп алышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок Кытай тараптан андай аракеттер болгон жок.
Бүгүн россиялык серепчи АКШ атайылап ортого от койгусу келгени менен Кытай чагымчылыкка алдырбаганын айтты.
Пелоси Тайванга сапары чуу менен коштолгон себебин түшүндүрдү