Мектеп директорлорун иштен кетирүү мыйзамдуубу? Кайчы пикирлер

Конкурстук тандоого катышууга директорлордун баары тегиз даярбы? Бүгүнкү күндө билим берүү системасында мектеп жетекчилеринин ролу кандай? Ушул маселенин тегерегинде адистер өз ойлорун ортого салышты.
Sputnik
Өлкө президенти беш жыл иштеген директорлордун кызматтан алынары жөнүндө жарлык чыгарды. Ошентип быйылкы жаңы окуу жылы башталганча республиканын 966 мектебинде реформа жүрүүгө тийиш.

Мунун зарылдыгы эмне?

Билим берүү боюнча серепчи Кеңешбек Сайназаров мындай демилгени колдой турганын билдирди. Анын айтымында, мектеп жетекчилерин алмаштыруунун башкы себептеринин бири — азыркы окуучулардын билим деңгээли боюнча абал.
Билим берүү боюнча серепчи Кеңешбек Сайназаров
"Ушул тапта Кыргызстанда билим берүү тармагында чоң боштук бар. Бул жагдайды билим алуучулардын жетишкендиктерин баалаган — PISA (дүйнөнүн булуң-бурчундагы окуучулардын сабаттуулугун жана билимин турмушта пайдалана билүү жөндөмүн баалайт — ред.) тестинин жыйынтыктары айгинелеп койду. 2006 жана 2009-жылдары Кыргызстандын окуучуларынын көрсөткүчтөрү абдан начар эле. Азыркы тапта кенже класстардагы балдардын 80 пайызы тамга тааныганы менен окуган нерсесинин маңызын түшүнбөйт. Мында жалпы билим берүү тутуму гана эмес, директорлордун ролу да көп нерсе чечет. Мектеп бюджетин бөлүштүрүүдөн мугалим, балдар жана алардын ата-энелери менен иш алып барууга чейин, билим берүү процессине, мектептин өнүгүшү, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга да түздөн-түз катышууда директорлордун ролу чоң мааниге ээ болушу шарт", — деп түшүндүрдү Сайназаров.
Эксперттин баамында азыр мектеп директорлорунун көпчүлүгү билим берүү процесси менен эмес, кагаз иштери, отчет, мектептерде тартипти жөнгө салуу жана каржыны бөлүштүрүү менен администратордун ролун аткарышат. Серепчи жаңы жободо билим берүү жагы алдыга чыгып, мектеп жетекчилиги билим сапатына көбүрөөк убакыт бөлө баштай турганын белгилейт.

Билим берүү министрлиги кандай пикирде?

Министрлик мектептин жетишкендиги, окуучулардын ийгилиги, окуу процесси, коллектив менен ата-энелердин ортосундагы байланыш билим берүү уюмунун жетекчисинен көз каранды болушу керек деген ойдо. "Бирок баары эле бул талаптарды аткарбай, бизди ушундай чечимдерди кабыл алып мектеп жетекчилигин аркалайм дегендер үчүн сынак жарыялоого түртөт" дейт билим берүү министринин орун басары Улан Мамбетакунов.
Билим берүү министринин орун басары Улан Мамбетакунов
"Бүгүн билим берүү процессин жана 20 жылдан бери ушул кызматты ээлеп, бирок милдетин так аткара албаган директорлордун ишин кайра карап чыгуу зарылдыгы бар. Албетте, билим берүү тармагына эмгеги сиңген кызматкер болуп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жаткан мектеп жетекчилери да жок эмес. Бирок ушул жарлык менен мектептин директору болууга баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлсө жакшы болор эле. Мектеп жетекчилерин кызматтан алып жатканыбыз жок, биз каалоочулардын баары, анын ичинде жетекчилери жана мугалимдери бирдей шартта катыша ала турган сынак жарыялап жатканыбызды кайталап өтөйүн", — деди ал.

Ата-энелердин үнү

Өлкөдө мектеп директорлорунун айланасындагы жагдай тууралуу ата-энелердин пикири да бир өңчөй эмес. Айрымдар чочулап, балдары окуган мектеп директорлорун колдоп чыгышты. Мисалы, Бишкек шаарындагы №61 мектептин окуучуларынын ата-энелери директор Юрий Низовскийди кызматында калтыруу талабы менен митингге чыгышты. Ал мектепти бир топ жылдан бери жетектеп, "өз кесипкөйлүгүн көрсөткөнүн" айтышат.
№61 мектептин директору Юрий Низовский
"Бул мектепти аяктаган балдар өлкө ичинде гана тургай сыртта да чоң ийгиликтерди жаратып, "алтын сертификаттарды" көп алып, дүйнөнүн мыкты окуу жайларына өтүшөт. Билим берүү министрлиги эмне үчүн ушундай учурларды эске албайт? Эгер билим сапаты директордон көз каранды экенин кеп кылсак, анда иш-аракетинин жыйынтыгы алкоого аларлык жетекчилерди кызматтан алуунун кажети эмне? Изилдөө жүргүзүп, тигил же бул мектептин окуучуларынын ийгиликтерине ылайык бүтүм чыгарууга эмнеге болбосун?" — деген оюн айтат Sputnik радиосуна маек куруп, бирок ысымын атагысы келбеген №61 мектептин ата-энелер комитетинин өкүлдөрүнүн бири.
Анын айтымында, директорлорду жумуштан кетиргенде айрым мектептердин педагогдору да жетекчилик менен чогуу кетип калышы ыктымал. Ал эми өлкөдө мугалимдердин тартыштыгын эске алсак, "булардын баары эң оболу балдарга чоң кесепетин тийгизиши мүмкүн".

Директорлорду жумуштан алуу мыйзамга сыябы? Юристтин жообу

Юридика илимдеринин доктору Тимур Иманкулов Билим берүү министрлигинин мектеп жетекчилери боюнча чечими Баш мыйзамга да, Эмгек кодексине да каршы келет деп эсептейт.
Юридика илимдеринин доктору Тимур Иманкулов
Жалпы билим берүү мекемесинин калыптык жобосунун 62-пунктуна ылайык, мектеп директорлорун кызматка коюу жана алуу Эмгек кодексинин негизинде жүргүзүлүшү керек. Ал эми аталган документтин 55-беренесинде менчик түрүнө карабай уюмдардын жетекчилери менен беш жылга келишим түзүлөт. Эгер келишим мөөнөтү өтө элек болсо, анда директорду иштен кетирүү мыйзамсыз экенин айтат Иманкулов.
"Мындан сырткары, мектеп директорлорунун сынактан өтүүгө тийиш экени Эмгек кодексинин эч бир беренесинде, эч бир пунктунда жазылган эмес. Билим берүү жөнүндөгү мыйзамда да андай пункт жок. Дегеле Кыргызстанда Эмгек кодексине дал келе тургандай, мектеп директорлорун сынактан өткөрүү жөнүндө айтылган бир дагы укуктук-ченемдик акт жок. Конкурстан жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы гана өтөт. Мектеп директорлору ал категорияга кирбейт", — дейт эксперт.
Ал директор — бул жетекчи, ал эми мекеменин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү жөнүндөгү калыптык жобонун 7-пунктунда компьютердик тестирлөө аттестациялоонун бир формасы экенин тактап, ошол эле документтин 3-пунктуна ылайык, мектеп жетекчилерине аттестация жүргүзүлбөстүгүн белгиледи. Ошондуктан мектеп директорлору же бул кызматка талапкер менен өткөрүлчү кандай гана компьютердик тестирлөө болбосун, мыйзамсыз экенин кошумчалайт юрист. Анын айтымында, Эмгек кодекси жана өкмөттүн токтомунун талаптары ушундай.
Анткен менен Билим берүү министрлигиндегилер жаңы жобо өз адистери жана бул тармактагы эксперттер гана эмес, аталган органдын юристтери тарабынан да иштелип чыкканын белгилешти. Алар бул багытта чоң иштерди аткарып, Конституция жана Эмгек кодексине таянуу менен ар бир пунктуну макулдашып, бекиткенин кошумчалашууда.
Билим берүү министринин орун басары президенттин жарлыгында мектеп директорлорун кайра кызматына келбегидей иштен кетирүү жөнүндө айтылбаганын эскертет.
"Кеп мектеп жетекчилерин тандоо сынагы жөнүндө жүрүүдө. Ага, жарлыкка ылайык, баары, анын ичинде мектеп директорлору да курагына, ээлеген кызматына карабай катыша алышат. Мектеп жетекчилигине биз дасыккан директорлорду гана эмес, мектепте билим берүү тутумун жакшыртууга жан үрөй турган адамдарды да күтүп жатабыз. Директорлордон тышкары бизде билим берүү боюнча орун басарлар, мугалимдер да бар. Алар да "мектептин күрөө тамыры", себеби алар сабак берип, билим берүү процессин тескебесе кайдагы мыкты окуучулар жана медалисттер тууралуу сөз кыла алабыз? Буга да көңүл бөлүү кажет", — деди ал.

Тажрыйбасын алчу Түштүк Кореянын өзүндө жагдай кандай?

"КР Билим берүү министрлиги биздин өлкөгө мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө 500 миң доллар бөлүп жаткан Түштүк Кореянын тажрыйбасын киргизүүнү сунуштоодо. Ошондой эле аталган министрлик Уругвайдын тажрыйбасын киргизүүнү пландаган. Юристтерде салыштыруу укугу деген тартип бар. Бул тармак алдыңкы үлгүлөрдү алууга байланыштуу. Бирок анда салыштыруу эрежеси бар. Ал эми Кыргызстанды салыштырсак, турмуш шарты жана деңгээли, каржылоо жана тарыхый тамыры бирдей өлкөлөрдү мисалга алган оң", — дейт юрист Иманкулов.

Маалымат

Түштүк Кореяда ар беш жылда окутуучулук курам (директор, орун басарлары жана мугалимдер) толугу менен ротацияланып турат. Айрым аймактарда мындай көрүнүш ар эки жылда кайталанат.
Аталган өлкөнүн бийлиги бир мектепте күчтүү мугалимдер жана директорлордун көп болушу окуучуларга артыкчылык берет деп эсептейт. Бул өз кезегинде социалдык адилеттүүлүктү бузуп, ошол балдарга гана жогорку окуу жайга өтүүдө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берерин белгилейт.
Булак: Scientific илимий журналы Research.
Мектеп директору боло алат белеңиз? Тесттен өтүп көрүңүз