Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы алмашты

Муканов буга чейин фонддун Чүй аймактык башкармалыгын жетектеп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасын алмаштырды.
Өкмөт башчынын тескемесине ылайык, аталган фондуну жетектеп турган Артурбек Жуманазаров кызматынан бошотулуп, ордуна Азамат Муканов келди.
Жуманазаров Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп 2021-жылдын март айында дайындалган. Ал эми Муканов буга чейин фонддун Чүй аймактык башкармалыгын жетектеп келген.
Дайырбек Орунбеков президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болду