Радио

Керимбаева: быйыл 8 инновациялык демилге бюджеттен каржыланат

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаева "40 райондон – 40 демилге" долбоору боюнча иштелип чыккан инновациялык демилгелерди ведомстволор аралык комиссия тандай турганын айтты.
Sputnik
"40 райондон – 40 демилге" региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди, техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталган. Бул тууралуу Рахат Керимбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "40 райондон – 40 демилге" долбоору боюнча иштелип чыккан инновациялык демилгелерди ведомстволор аралык комиссия тандайт.
"Президент Садыр Жапаров дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн аймактарды өнүктүрүү зарылчылыгын дайыма айтып келет. Андыктан "40 райондон – 40 демилге" долбоору бул максатты ишке ашырууга жардамчы болмокчу. Айыл аймактарда абдан көп ойлоп табуучу, жаратмандар бар. Бул долбоор алардын идеясын ишке ашырууга жакшы мүмкүнчүлүк деп ойлойм. Демилгени тандоо критерийлерине жаңычылдык, экономикалык жана социалдык маанилүүлүк, ишке ашуусу, натыйжалуулук, экологиялык коопсуздук жана инновациялык тобокелдик кирет. Мисалы, куруттун жаңыча жасалышы, сырткы рынокко чыга ала тургандай таңгактоо же болбосо илим-билим, IT тармагындагы жаңы ыкмалар жана башка ушул сыяктуу абдан көп идеялар чыгышы мүмкүн. Бул жылы долбоордун алкагында иштелип чыккан сегизге жакын инновациялык демилге республикалык бюджеттен каржыланат. Тандалып алынган ар бир инновациялык демилгени ишке ашырууга бир миллион сомго чейин акчаны республикалык бюджеттен бөлүү чечими кабыл алынды. Ал эми кийинки жылы да сегиз демилгени ишке ашырып, бул жөрөлгө уланып кете берет", — деди Керимбаева.
Ал ошондой эле элчилер, эл аралык уюмдар менен жолугушууда "40 райондон – 40 демилге" долбоору тууралуу маалымат берип, демилгелерди толук ишке ашыруу үчүн (бир долбоордун баасы 10 миллион сом болуп калышы мүмкүн) бир миллион сомдон тышкары да кошумча каражат тартуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.