БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын алты айында 279 323 тонна айыл чарба продукциясын экспорттоду. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 3 098 тоннага көп сатылган. Анын басымдуу бөлүгүн жашылчалар түзүп, Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен жана Талас облустарынан ЕАЭБге, андан сырткары, үчүнчү өлкөлөргө экспорттолгон.
Жашылчалардын ичинен эң көп сабиз Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө, ал эми капуста, пияз, болгар калемпири, томат Россия менен Казакстанга көбүрөөк сатылган.