Көлдөгү кырсыктаган автоунаанын айдоочусу да эсине келбей көз жумду

Унаадагылар Көлгө эс алууга барып келе жатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө кырсыктаган автоунаанын айдоочусу да көз жумду. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 2-августта, Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анда эки жүргүнчү мүрт кетип, экөө ооруканага жеткирилгени айтылган. Алар казак жарандары болгон.
"Ооруканага жаткырылган автоунаанын айдоочусу эсине келбей үзүлдү", — деп айтылат билдирмеде.
Кырсыктаган Opel үлгүсүндөгү автоунаада жети адам болгон. Үчөө ооруканага барган эмес.
ЖКККББнын маалыматы боюнча, көз жумгандардын Кара-Балтада туугандары болгон. Алар үч автоунаа менен чогуу Ысык-Көлгө эс алганы барышкан. Көлдөн кайра Чүй облусуна ээрчишип келе жатканда үч автоунаанын ортосундагы Opel үлгүсүндөгү машинанын дөңгөлөгү жарылып кеткен. Мындан улам айдоочу рулду башкара албай, автоунаа аласалып кеткенин күбөлөр билдирди.
Токмокко жакын айланма жолдо кырсыктаган маршрутка аңтарылып калды