Ош Кайгуул милициясынын кызматкери Түркияда кикбокс боюнча алтын кур утту

Инспектор 71 килограмм салмак категориясында Кикбоксинг боюнча чемпион болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ош шаардык Кайгуул милициясынын кызматкери Аброр Хакимов Түркияда өткөн мелдеште алтын курга ээ болду. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ош шаардык Кайгуул милициясынын кызматкери Аброр Хакимов Түркияда өткөн мелдеште алтын курга ээ болду
Ал WAKO PRO мелдешинде 71 килограмм салмак категориясында Кикбоксинг боюнча чемпион болгон. Профессионал мушкерлер арасында Кыргызстандын намысын коргогон.
1 / 2

Ал WAKO PRO мелдешинде 71 килограмм салмак категориясында Кикбоксинг боюнча чемпион болгон. Профессионал мушкерлер арасында Кыргызстандын намысын коргогон.

2 / 2

Спортчуну "Ош" эл аралык аэропортунан Кайгуул милициянын кызматкерлери, Ош шаардык спорт комитетинин өкүлдөрү тосуп алып, жеңиши менен куттукташты.

Спортчуну "Ош" эл аралык аэропортунан Кайгуул милициянын кызматкерлери, Ош шаардык спорт комитетинин өкүлдөрү тосуп алып, жеңиши менен куттукташты.
"Түндүк электрдин" кызматкери сууга аккан өспүрүмдү куткарып калды. Видео