Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсондо Украинанын аскерлери жай тургундар бара жаткан автобусту аткылады

Мизинцевдин айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү кезектеги кандуу провокацияны уюштурду.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Херсон облусунда украиналык жоокерлер жай тургундар бара жаткан автобусту аткылап салышты. Транспорттогу адамдар Киев бийлиги көзөмөлдөгөн аймакка эвакуацияланып жаткан болчу. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине РФтин гуманитардык колдоо боюнча ведомстволор аралык координациялык штабынын жетекчиси Михаил Мизинцев билдирген.
"Бизге жеткен такталган маалымат боюнча, Херсон облусунда Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан кезектеги кандуу провокация болду. Долговое калктуу конушуна жакын жердеги жолдо улутчулдар Киевдин көзөмөлүндөгү аймакка эвакуацияланып жаткан жай тургундардын автобусун аткылашкан", - деди Мизинцев.
Анын айтымына караганда, Украинанын маалыматтык-психологиялык операция борборунун кызматкерлери сүрөт, видеолорду чыгарып, окуяга Россия тарапты айыптоого аракет кылып жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсондо аткыланган көпүрө аркылуу өткөрмө уюштурулду. Видео