Радио

Мамбеткадыров: экинчи ирет паспорт алууда мурунку арызды онлайн тапшырса болот

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров быйыл өлкөдө төрт Калкты тейлөө борбору ачылганын, дагы үчөө ишке кирерин айтты.
Sputnik
Экинчи ирет паспорт алууда буга чейинки документтер менен онлайн кайрылса болот. Бул тууралуу Айдарбек Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, керектүү документтерди алууда калкты тейлөө борборлору көп функционалдуу иш алып барып, кыска мөөнөттө маселени чече баштады.
"Паспортту экинчи ирет алууда калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбай эле үйүндө буга чейинки арызынын негизинде онлайн кайрылса болот. Азыркы учурда бул ыкманын механизмдерин иштеп чыгып жатабыз. Жаран болгону паспортунун мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу жаңысын алуу боюнча гана билдирүү калтырат. Тиешелүү убакыттан кийин аны алып кетет. Мындай нерсе калкты тейлөө ишин жөнөкөйлөштүрүп, убакытты үнөмдөгөнгө, сапатты жакшыртууга жол ачылат. Учурда КТБларда кезек күткөндөрдүн саны дагы эле көп. Албетте, мындай ишке убакыт керектелет. Быйылкы жылы республикада төрт Калкты тейлөө борбору ачылды, дагы үчөөнү ишке берүү пландалып жатат", — деди Мамбеткадыров.
Ошондой эле адис маанилүү документтерди уюлдук телефонго интеграциялоо боюнча да иштер караларын кошумчалады.