Дайырбек Орунбеков президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болду

Буга чейин президенттин маалыматтык саясатын Алтынбек Жумаев тескеп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп Дайырбек Орунбеков дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Орунбеков "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп иштеп жаткан.
Буга чейин президенттин маалыматтык саясат кызматын Алтынбек Жумаев тескеп турган. Ал бүгүн, 3-августта, кызматтан бошотулуп, мамлекет башчыга кеңешчи болуп дайындалды.
Президенттин маалымат саясатын тескеген Алтынбек Жумаев кеңешчи болуп дайындалды