Ыктыярчылар көлгө чөккөн 4 жашар кызды издеп жатып адам сөөктөрүн табышты. Сүрөт

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен бөбөк 16 күндөн бери табыла элек.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы Аиша Мурдинованы издөөгө жардамдашып жаткан ыктыярчылар суудан адам сөөктөрүн таап алганын Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирмеге караганда, 1-августта Ысык-Көл РИИБине ӨКМдин аймактык бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда саат 15:00дөр чамасында Тору-Айгыр айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы көлдөн адамдын чирип калган сөөктөрү табылганы кабарланган.
Билдирүү райондук милициянын электрондук журналына катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен сөөк канча убактан бери сууда турганы аныкталышы мүмкүн.
Эске салсак, Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыз 16 күндөн бери табыла элек. Ал үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда саат 15:00дөрдө Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен. Кыздын атасынын айтымында, бөбөк апасы менен сууда матрац баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал башталып, толкун болгон. Ата-энеси алеки заматта кызын таппай калышкан.
Жүлүнгө доо кетсе адам болбойсуң. Дарыгер сууга секиргендерге эскертүү берди