БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ордо калаанын чок ортосундагы жаңы курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдөн чыккан өрт түндө саат 23:45те толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, кырсык Рыскулов көчөсү менен Манас проспектинин кесилишиндеги курулуштан чыкканы кечээ кечинде маалым болгон.
"Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 45 куткаруучу, 7 бөлүм тартылды. Эң үстүңкү кабаттагы курулуш материалдары күйүп кетти. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар болгон жок", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ үстүңкү кабатта 30дан ашуун өрт өчүрүүчү иштегенин кошумчалады.