Байсалов Кыргызстанды жомоктогу өрдөккө салыштырды

Кечээ Бишкекке Татарстан менен Башкыртстандан бизнес-делегация келген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанды жомоктогу өрдөккө салыштырды.
Ал Башкыртстан жана Татарстандын ишкерлери менен ата мекендик бизнесмендердин жолугушуусуна катышты.
"Республикабыздын "балалык чагы" оор болду. Бул катаал мезгил көпкө созулуп кетти. Бүгүнкү күндө жомоктогу өрдөктөй болуп, эми ак кууга айланууну кыялданып жатабыз", — деди Байсалов.
Кечээ Бишкекке Татарстан менен Башкыртстандан бизнес-делегация келген. Бүгүн делегация өкүлдөрүнүн жана кыргызстандык ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өтүп жатат.
Келгендердин курамына экономиканын түрдүү тармактарында өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү менен алектенген 30га жакын россиялык компаниялардын өкүлдөрү кирди.
Бейшеналиев: ЖОЖдор бизнес аркылуу дагы киреше табууга үйрөнүшү керек