Армения менен Азербайжандын чек арасында абал кайрадан курчуду

Эки тараптан тең каза болгондор бар экени айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Армения менен Азербайжандын чек арасында абал кайрадан курчуду. Бул тууралуу Sputnik Жакынкы Чыгыш Telegram каналы жазды.
Учурда эмне белгилүү:
Тоолуу Карабах бийлигинин маалыматында Лачын аймагындагы райондо аскердик кагылышууда эки армениялык аскер көз жумду, дагы 14 жоокер учкучсуз учактын соккусунан жаракат алды;
Азербайжандын армиясы бир аскери көз жумганын билдирди;
Россиянын тынчтык орнотуучулары абалды турукташтыруу үчүн чараларды көрүп жатат;
Тоолуу Карабахтын лидери Араик Арутюнян кырдаал курчуганына байланыштуу аскерлер тартылып жатканын билдирди;
Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабах тараптан ок атылгандыктан атайын операция жүргүзгөнүн айтты. Расмий Баку аба мейкиндигинин айрым бөлүгүн көзөмөлгө алганын билдирди.
Эске салсак, Тоолуу Карабахтагы кырдаал 2020-жылдын 27-сентябрында курчуган. Армения менен Азербайжан аскерлери дароо эле куралдык тирешүүгө өткөн. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыптап келет.
2020-жылдын ноябрь айында Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген. Келишимге ылайык, Армения Азербайжанга Кельбаджар, Агдам, Лачын райондорун өткөрүп берген. Бирок туурасы 5 чакырым болгон Лачын коридору Арменияда калган. Тоолуу Карабахтын жана Лачын коридорунун чет жакаларында атайын техника менен Россиянын тынчтык орнотуучулары жайгашкан.
Бишкек Карабах согушун 26 жылга токтоткон. Баку — Ереван тирешинин белгисиз тарабы