Президенттин маалымат саясатын тескеген Алтынбек Жумаев кеңешчи болуп дайындалды

Жумаев президенттин маалыматтык саясат кызматына жетекчи болуп 2021-жылдын декабрь айында келген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Алтынбек Жумаев президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчилигинен бошотулду.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ошол эле учурда президенттин жарлыгына ылайык, Жумаев мамлекет жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалды.
Жумаев президенттин маалыматтык саясат кызматына жетекчи болуп 2021-жылдын декабрь айында келген. Буга чейин ал бир топ жыл телевидениеде эмгектенип, 2020-жылы Садыр Жапаровдун үгүт кампаниясын башкарган.
Конгантиевдин уулу Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болду