Валентина Шевченко UFC рейтингиндеги биринчи саптан түшүп калды

Шевченко 2021-жылдын декабрь айынан бери лидерликти бербей келе жаткан. Анда Нуньес чемпиондук титулун алдырып, үчүнчү сапка түшүп калган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун салмак категориясы эске алынбаган рейтингинде лидерлик позициядан ылдыйга түшүп калды.
Жаңыланган рейтинг Американын Далласында өткөн UFC 277 турниринин жыйынтыгы менен чыгарылган. Жекшемби күнү жеңилирээк салмактагы бразилиялык мушкер Аманда Нуньес америкалык Жулиана Пеньяны судьялардын чечими менен утуп чемпиондук титулун кайтарып алган. Натыйжада ал рейтингдин сап башына чыгып, биринчи орунду ээледи. Шевченко болсо экинчи орунга түштү. Үчүнчүдө Пенья турат.
Төртүнчү жана бешинчи сапты UFC уюмунун мурдагы чемпиондору Роуз Намаюнас менен Вейли Чжан ээледи.
Шевченко 2021-жылдын декабрь айынан бери лидерликти бербей келе жаткан. Анда Нуньес чемпиондук титулун алдырып, үчүнчү сапка түшүп калган болчу.
UFC президенти Нуньес менен Шевченконун беттешин уюштуруу боюнча оюн айтты