Жапаров адам өмүрүн алган селге байланыштуу Иран президентине көңүл айтты

Жаратылыш кырсыгынан 69 тургун каза болуп, 50гө чукулу дайынсыз болуп жатканы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкынынын кесепетине байланыштуу көңүл айтканын маалымат кызматы кабарлады.
Президент Ирандын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам өлүмүнө алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирген.
"Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткан жарандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм", — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Өткөн жумада Ирандын 111 шаарында сел жүрүп, 69 адам каза болуп, 50гө чукулу дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
Жапаров Түркмөнстан менен Япониядагы элчилерди кызматтан алды