КР делегациясы Нью-Йорктогу Өзөктүк куралды жайылтпоо конференциясына катышты

Иш-чарага 100дөн ашык мамлекеттин делегациялары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Нью-Йоркто Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин X обзордук конференциясы ишин баштады. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага 100дөн ашык мамлекеттин делегациялары, эл аралык уюмдардын жетекчилери, анын ичинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Атом кубаты боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси катышууда. Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова жетектеп барган.
1 / 2

Нью-Йоркто Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин X обзордук конференциясы ишин баштады

2 / 2

Иш-чарага 100дөн ашык мамлекеттин делегациялары, эл аралык уюмдардын жетекчилери, анын ичинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Атом кубаты боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси катышууда

Кемелова Борбор Азиядагы өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимдин төрагасы катары Кыргызстандын аракеттери тууралуу баяндама жасаган. Атап айтканда, башка өзөктүк эмес зоналар менен кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле келишимге тиешелүү терс кепилдиктер жөнүндө протоколду өзөктүк куралдары бар мамлекеттер тарабынан ратификациялоону тездетүү жөнүндө маалымат берген.
"Куралсызданууну жана массалык кыргын салуучу куралдарды таркатпоо маселелерин ар түрдүү деңгээлдеги улуттук билим берүү программаларына кошуу маанилүү. БУУга мүчө-мамлекеттерди Башкы ассамблеянын 77-сессиясында кыргыз тарап сунуштай турган "Куралсыздануу жана жайылтпоо жаатындагы эл аралык агартуу күнү" аталышындагы резолюциянын долбоорун колдоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Борбор Азиядагы өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон.
Белгилей кетсек, 1970-жылдын 5-мартында күчүнө кирген Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими мындай курал-жарак технологиясын жайылтууга жол бербөө, ядролук энергияны тынчтык максатта пайдалануу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү шарттайт.
Казакстан ири державаларды өзөктүк куралды жок кылууга чакырды