Ошто спорт шаарчасы пайда болуп, футбол академиясы ачылат. Сүрөт

Шаарчада зал, футбол аянтчаларынан тышкары спорттук кийим жана тамак-аш саткан дүкөндөрдү ачуу планда бар.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы Сай-Бою көчөсүндө спорт шаарчасы пайда болорун мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Ош шаарындагы Сай-Бою көчөсүндө спорт шаарчасы пайда болорун мэриянын маалымат кызматы билдирди

2 / 4

Ага ылайык, калаа башчысы Алмаз Мамбетов "Алай" футбол клубунун кичи футбол аянтчаларынын курулушу менен таанышкан

3 / 4

Спорт шаарчасы менен бирге шаарга 300 орундуу футбол академиясын ачуу пландалууда

4 / 4

Ал эми академияда жаш футболчуларды даярдоо үчүн класстарды ачуу пландалып жатканы айтылды

Ага ылайык, калаа башчысы Алмаз Мамбетов "Алай" футбол клубунун кичи футбол аянтчаларынын курулушу менен таанышкан.
Спорт шаарчасы менен бирге шаарга 300 орундуу футбол академиясын ачуу пландалууда.
"Аталган аймакта спорт зал, воркаут аянтчасын салуу, үчүнчү кичи футбол аянтчасын куруу, спорттук кийим жана спорттук тамак-аш саткан дүкөндөрдү уюштуруу каралууда", — деп жазылат билдирмеде.
Ал эми академияда жаш футболчуларды даярдоо үчүн класстарды ачуу пландалып жатканы айтылды.
Жаңы стадион 20 гектардан ашык жерге курулат. Өкмөт орун даярдап жатат